• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда 24 сааттык коменданттык саат киргизилеби?

30 Жалган куран 2020 14:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөттөгү онлайн маалымат жыйында коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Боронов, Саламаттык сактоо министри жана Ички иштер министри маалымат берип жатышат.

Анда Кубатбек Бороновго коменданттык саатты узартуу маселеси каралып жатканы тууралуу суроо узатылды.

Ага жооп берип жаткан биринчи вице-премьер 24 саатка коменданттык саат киргизүүнүн зарылчылыгы тууралуу айтып, учурдагы өзгөчө абал режими мурункуларга караганда айырмаланарын билдирди.

«Бул эпидемиологиялык өзгөчө кырдаал болуп жатат. Түнү менен коменданттык саат киргизип, күндүз эшикке чыкканга уруксат берип койгондо натыйжасы абдан начар болот. Күндүз жашоону такыр эле токтотуп койгон болбойт. Биз күндүз киргизбей турабыз, бирок максималдуу түрдө элдердин көчөгө чыгышын азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз. Бишкек шаары боюнча дагы 410 маршрут түзүп чыгышты. Бир офицер, 2 сержат маршруттар боюнча кыдырып, эл эмне үчүн эшикке чыгып жатат, себеби барбы же жокпу аныктап, элди үйүнө киргизүү боюнча иш алып барышат. Эгер абал мындан да оор болуп кетсе, анда азыркы айткан шартка барууга туура келет. Анда өзгөчө абал киргизилген жерде жашоо такыр токтотушу керек болот. Ошон үчүн баарыбыз түшүнүү менен кабыл алып, ошондой чектөө коюла электе өзүбүзгө өзүбүз чектөө коюшубуз керек», — деди ал.

Ал эс алуу күндөрү парктарга эл топтолуп, балдары менен сейилдеп жүргөндөр, милицияга баш бербей жаткандар болгонун кошумчалады. Ал элди бул абалды түшүнүүгө чакырды.

Количество просмотров: 4463