Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8009 бош орундар бар экендигин билдирет.
Төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:
Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
Кассирлер – 151;
Соода агенттери – 63;
Менеджерлер — 59
Бухгалтерлер – 46;
Юристтер – 25;
Экономисттер – 7;
Инженер-куруучу– 48;
Психологдор –18;
Тигүүчүлөр – 2276;
Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
Айдоочулар – 463;
Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
Ар тараптуу жумушчулар – 2344. Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт. Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 1899 номерине чалып (иш күндөрү саат 09.00-18.00 чейин), маалымат алсаңыздар да болот. Мындан сырткары, zanyatost.kg веб порталынан республика боюнча бош орундар менен таанышууга болот жана ал жерде ар бир райондун даректери жайгашкан.