«Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу» долбоору ишке киришүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылууда жана 2024-жылдан 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт. Анын бюджети 50 млн долларды түзөт.
Долбоордун негизги багыттары:
Ключевые направления проекта:
— булгануу көзөмөлдөө, анализдөө жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап тутумун түзүү.
2. Жылытуу үчүн экологиялык чечимдерди колдоо
— үй чарбалары үчүн жеткиликтүү таза жылытуу технологияларын киргизүү.
3. Шаардык жашылдандырууну жакшыртуу
— Бишкекте жашыл тилке түзүү, ирригациялык тутумдарды модернизациялоо жана жаңы бак-дарактарды отургузуу.
Долбоор кандай жыйынтык берет?
— абанын сапаты жакшырып, булганышы азаят;
— PM2.5 жана парник газдарынын булгануусун азайтат.
— экологиялык таза жылытууну өнүктүрүү.
— ыңгайлуу жана жашыл шаардык чөйрөнү түзүү.
«Долбоор өлкөнүн экологиялык туруктуулугун жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган», — деп билдирет Жаратылыш ресурстар министрлиги.