• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда айыл чарбасына 3,7 млрд. сом жеңилдетилген кредит берилген. Азбы, көппү?

4 Аяк оона 202411:34 Бишкек Govori.TV

КР Финансы министрлиги ушул жылдын август айына чейинки мезгилде өлкөдөгү 9499 фермерге жалпы 3,7 млрд. сом жеңилдетилген кредит берилгенин билдирди.

Жеңилдетилген кредиттерди Жалал-Абад (844,1 млн. сом), Ош (666,8 млн. сом) жана Чүй (625,1 млн. сом) облустарынын фермерлери алышкан.

Ал эми кредиттердин айыл чарбасы боюнча бөлүштүрүлүүсүнө келсек, өсүмдүк өстүрүүгө жалпы суммасы 420,3 миллион сомдук 1293 жеңилдетилген кредит берилген. Мал чарбасына 3 млрд. 331 млн. сомдук жалпы 8206 кредит алынган.

Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет. Министрлер Кабинети 2024-жылдын 26-январында 10 пайыздык ставка менен 5 млрд. сомго чейин каржылоо үчүн “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорун кабыл алган. Анда ар бир дыйканга 500 миң сомго чейин кредит берүү каралган.

Количество просмотров: 108