• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда алгачкы жолу оркестр коллективдеринин гала-концерти өтөт

7 Бугу 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда алгачкы жолу оркестр коллективдеринин  гала концерти өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-майында саат 18:00 Улуттук тарых  музейинин алдында алгачкы жолу оркестр коллективдеринин катышуусунда гала –концерт өтөт. Анда Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, байгелер тапшырылат.

«Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда өтүп, өлкө боюнча катышып жаткан 16 оркестр коллективдеринин мыкты чыгармалары тартууланат»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 152