• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала гана бакчага барат

29 Бугу 2023 16:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

“Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда балдарын 76%ы балдар бакчасына барбайт экен. Болгону, статистика комитетинин маалыматы боюнча 24 пайыз гана бала балдар бакчасына барат. Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда курч. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары, мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган”,– деди Акаев.

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда инклюзивдүү билим берүү жагдайлары каралганын белгилесе, депутат Чыңгыз Айдарбеков ваучердик система учурдагы билим берүү тармагына зарыл экендигин кошумчалады.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтерден, билим берүү уюмдарынан жана эксперттерден турган жумушчу топ тарабынан бир жарым жыл ичинде иштелип чыккан.

Жыйынтыгында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы сунуш пикирлерди эске алуу менен комитет депутаттары тарабынан жактырылып, биринчи окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кенешке сунушталды.

Количество просмотров: 84