• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда Аза күтүү күнү жарыяланат

21 Теке 2020 17:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүүнүн улуттук күнү жарыяланат. Бул тууралуу 21-июлда Жээнбековдун коронавирус шартында элге жардам берип иштеп жаткан ыктыярчылар менен жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу активист, алар баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

«Кесиптешибиз Венера Жуматаеванын «Фейсбуктагы» баракчама «Канча деген залкар адамдарыбыз өтүп кетти. Аза күтүү күнүн жарыялоо керек» деп жазган сунушун президентке айттым. Президент жакынкы күндөрү жарыяланарын айтып, сөз берди», — дейт ал.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ыктыярчыларды кабыл алып, алардын сунуш-пикирлерин укту. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушуу үч саатка созулган, ага 12 ыктыярчы катышкан.

Количество просмотров: 348