Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч экенин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбаева Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк учурлар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.
«Эмне үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп катталууда? Биринчи себеп – тышкы жана ички миграция. Экинчиси, дарыга ишенбөөчүлүк, диний ишеним же башка себептерден улам эмдөөдөн баш тартуу», — деди ал.
Асыкбаева белгилегендей, оорунун бейтапканаларда байланышта болгондор арасында жайылышы олуттуу эпидемиологиялык коркунучту жаратат, анткени калктын эмделбеген бөлүгү вирустун жайылышына шарт түзөт – ооругандардын 96% эмдөөдөн өткөн эмес.
«Учурда сезондук ОРВИ жана сасык тумоо күч алууда. Балдары бар ата-энелер дароо ысытма, жөтөл, мурундун агышы жана башка белгилери менен ооруканаларга кайрылышат. поликлиникалардын ордуна алар толуп кеткен ооруканаларга барышат. ОРВИ, сасык тумоо жана кызамыктын симптомдору баштапкы стадиясында окшош болгондуктан, ооруканаларда бейтаптар арасында интенсивдүү байланыш болуп, кызамыктын жайылышына шарт түзүүдө», — деп кошумчалады ал.
2024-жылы 14 миң 380 кызамык оорусу катталса, анын 2129у лабораториялык жактан тастыкталган.