• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда бир нече дарыга муктаждык жарала баштады

6 Теке 2020 13:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир нече дарылардын жетишсиздиги байкалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бирфинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, керектүү дарылардын үч айлык запасы болушу керек.

«Учурда пайдаланылып жаткан 56 аталыштагы дарынын 12сине муктаждык жаралууда. Бул алар такыр жок дегенди түшүндүрбөйт, азырынча бар, бирок биз көбүрөөк камдашыбыз керек. Ал эми калган позициялар боюнча үч айлык запас бар, бул жаатта иштеп жатабыз», — деди Каратаев.

Количество просмотров: 241