• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда бир нече телеканалдарга эфирге чыгууга тыюу салынды

2 Үчтүн айы 2022 23:50 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эрежелерди сактабагандыгы үчүн «8-канал», «РТВ Медиа», «НТВ КейДжи» жана «Домашний» телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы телеканалдарга мониторинг кылып жатканын жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Лицензиалык контролдоо «Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө» жободо жана Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген уруксат талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, жогорудагы Жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактоо боюнча бузуулар аныкталган. Ушуга байланыштуу колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде төмөнкү телерадиоканалды жайгаштыруу уруксаты токтотулду: «8 канал», «РТВ Медиа», «НТВ КейДжи» жана «Домашний». Белгилей кетсек, «РЕН ТВ» телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 01-январынан баштап эфирге чугууну токтотот. Келерки жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган бардык телерадио уюмдарында пландуу текшерүү жүргүзүлөт.

Орусиялык РЕН ТВ телеканалынын маалымат кызматы Кыргызстандын тийиштүү органдарынан эфирге чыгууга тыюу салган эч кандай кабарлама албаганын билдирди.

Телеканал жергиликтүү мыйзамдарды сактап келгенин маалымдайт.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнү Кыргызстанда 60тан ашуун менчик ТВ, радио каналдар бар

Количество просмотров: 6041