• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргызстанда быйыл 50 миң окуучу мектепти аяктайт

21 Бугу 20199:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстанда быйыл 50 миң окуучу 11-классты, 96 миң окуучу 9-классты бүтүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирген.

Жана ошондой эле 2019-2020 жаңы окуу жылында 150 миң бала мектеп босогосун аттайт. Алардын 18 миңи борбор калаадагы мектептерге барат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы 2 миң 265 мектепте 1 миллион 268 миң 68 бала билим алат.

Количество просмотров: 24