• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргызстанда COVID-19дун көбөйүшүнүн себеби айтылды

10 Үчтүн айы 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Таажы илдетин жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктургандардын көбөйүшү жарандардын санитардык эрежелерди сактабагандыгынан болуп жатат.

«Күн сууктаган сайын курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өсөт. Анын ичинен таажы илдетин жуктуруп алгандар жаңы жылдык иш-чаралардан кийин көбөйдү. Анда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелерге көңүл бурулбай калды. Бул маселе илдет жуктаургандардын санынын өсүшүнө өз салымын кошту. Ошол эле учурда эс алуу учурунда башка мамлекеттерге барып келгендер көп болду. Буга байланыштуу эки апта мурункуга салыштырмалуу илдетке кабылгандар кабылгандар көбөйгөнү байкалды»,-деди Акматова.

Акматова ошондой эле Кыргызстанда «Омикрон» штаммы катталбаганын белгилеп, дары-дармек жетиштүү экенин айтты.

«Жарандар эмдөөдөн өтүп, эрежелерди сактаганы зарыл. Министрлик өлкөдөгү эпид кырдаалга мониторинг жүргүзүп турат. Кошумча койкалар даярдалып, дары-дармектер жетиштүү. ДСУдан дагы маалымат алынып жатат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, 10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан жалпысынан 2 819 киши көз жумду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Азыркы тапта ооруканада 459 адам жатат, үйүнөн 952 киши дарыланууда. Акыркы айларда каза болгондордун дээрлик бардыгы вируска каршы эмделбегендер экени аныкталууда.

Количество просмотров: 2276