• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда COVID-19ту жугузуп алгандардын жаш курагы айтылды

9 Чын куран 202010:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев коронавирус боюнча өлкөдөгү акыркы абал тууралуу айтып берди. Анын айтымында Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 280 адамга жетти.

Ал республика боюнча вирусту 15 жашка чейинки 30 бала жуктурган. Анын ичинен 1 жашка чейинки 2 наристе бар экенин билдирди.

Коронавирус жуктургандардын жаш курагы:

16 жаштан 19 жашка чейин – 11;

20 жаштан 35 жашка чейин – 71;

35 жаштан 55 жашка чейин – 101;

55 жаштан улуу – 67.

Количество просмотров: 545