• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 10 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган

24 Чын куран 202010:19 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 24-апрелге карата Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 10 бейтап медицина кызматкери экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эртең мененки онлайн жыйында билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 172 адамга жетти.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

  • Ош облусунда – 2;
  • Ош шаарында – 1;
  • Нарын облусунда — 6;
  • Бишкек шаарында – 1.
Количество просмотров: 250