• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыйын: Ооруканадагы өлүмдөр. Дарыгерлердин милдети жана көйгөйү

18 Үчтүн айы 2024 17:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Дене табы көтөрүлүп, оор дем алып келген наристе ооруканада 13-январда чарчап калган. Анын ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Оорукананын башкы дарыгери дооматты четке кагып, медицина кызматкерлери бекитилген протоколдун негизинде иш алып барганын белгилеп жатат.

Өткөн жылдын аягында Кыргыз медициналык академиясынын медициналык борборуна тишин дарылатуу үчүн барган үч жашар Алия Кубанычбекова чарчап калган. Окуяга байланыштуу аталган борбордун жетекчиси кызматтан алынып, анестезиолог дарыгер камалган.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова коомдо ооруп калган адам үчүн жоопкерчиликти толугу менен оорукана жана андагы дарыгерлерге оодарган стереотиптер, терс түшүнүктөр калыптанып калганын айтууда. Адис «ар бир жаран өзү жана балдары үчүн жооптуу» экенин белгилейт.

Барыктобасованын айтымында, дарыгерлерди жазалап, иштен четтетүү менен маселе чечилбейт. Жалпы системаны башынан баштап оңдоп, бир калыпка салышыбыз керек. Антпесе балдардын өлүмү токтобойт. Муну алдын алуу медиктердин эле колунда деген туура эмес».

Ооруканадагы өлүмдөр. Дарыгерлердин милдети жана көйгөйү тууралуу «Кыйын» ток-шоусунда талкуу болот.

Катышуучулар: Нүргүл Ибраева- Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы, Бүбүжан Арыкбаева — Саламаттык сактоо министринин орун басары, Гүлжан Жалиева — Кыргыз медициналык ассоциациясынын катчысы.

Модератор: Кайыргүл Урумканова.

Количество просмотров: 890