Бүгүн, 31-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1
Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 107 адамга жетти.
Эске салсак, 30-мартта 3 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.