• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 132 адамдан коронавирус табылды

19 Кулжа 202010:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда дагы 132 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 48 адам;

— Чүй облусунда 38 адам;

— Ош облусунда 12 адам;

— Ош шаарында 13 адам;

— Жалал-Абад облусунда 11 адам;

— Талас облусунда 4 адам;

— Нарын облусунда 6 адам.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2780 адамга жетти.

Количество просмотров: 381