• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 78 кишиден коронавирус чыкты

18 Бугу 202010:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-майга карата коронавирустун 78 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 3 адам;

— Чүй облусунда 3 адам;

— Нарын облусунда 14 адам;

— Ош шаары 5 адам;

— Ош облусунда 6 адам;

— Жалал-Абад облусунда 1 адам;

— Санкт-Петербург шаарынан келген 3 адам;

— Соль-Илецк шаарынан келген 43 адам;

Жалпы жонунан республика боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 1216га жетти.

Количество просмотров: 779