• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 252 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты

4 Аяк оона 202011:22 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 252 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы айыккандар:

— Бишкек шаарында 112 адам;

— Ош шаарында 6 адам;

— Чүй облусунда 10 адам;

— Ош облусунда 21;

— Талас облусунда 6;

— Нарын облусунда 6;

— Ысык-Көл облусунда 27;

— Жалал-Абад облусунда 38;

— Баткен облусунда 26 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 39 миң 426 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Өлкөдө жалпысынан 44 миң 227 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.

Количество просмотров: 79