Бүгүн, 28-майга карата Кыргызстанда дагы 74 адам коронавирус менен катталды. Алардын ичинде 27 медицина кызматкери бар. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.
Жаңы катталган медицина кызматкерлери:
• Бишкек шаарында 5 адам;
• Ош шаарында 15 адам;
• Нарын облусунда 7 адам.
Акыркы суткада 4 медицина кызматкери ооруканадан чыгарылган.
Өлкөдө жалпы 326 медицина кызматкерине коронавирус жугуп, алардын ичинен 247 адам айыгып чыкты.