• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды

5 Чын куран 2020 10:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 147 адамга жетти. Жаңы учурлар Бишкек шаарында катталды.

Ошондой эле Кыргызстанда коронавирустан 8 бейтап айыгып, 1 адам каза болду.

Коронавирус боюнча жалпы көрсөткүч:

— Жалал-Абад облусу – 67;

— Ош облусу – 47;

— Бишкек шаары – 20;

— Нарын облусу – 4;

— Чүй облусу – 4;

— Баткен облусу – 3;

— Ысык-Көл облусу – 2 учур.

Количество просмотров: 781