• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда дагы 9 бейтап коронавирустан айыкты

14 Бугу 202010:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 9 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 5, Ош облусунан — 2, Нарын облусунан — 1, Ош шаарынан -1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 87