• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда эң аз пенсия 6900 сомду түзөт

1 Тогуздун айы 202418:00 Бишкек Govori.TV

Говори ТВ мультимедиалык маалымат агенттигине Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат берди.

Бактияр Алиев 1-октябрдан тарта пенсия көбөйгөнүн билдирди. Эми эң аз пенсия 6900 сомду түзөт.

Ошондой эле мурда берилип келген жеңилдиктер алынып салынат. Мисалга алсак, мурда электр энергиясы үчүн пенсионерлерге жеңилдик берилип келген. Эми пенсия жогорулгандыгына байланыштуу мындай жеңилдиктер алынып салынды.

Өлкөнүн пенсиясы эки бөлүктөн турат, базалык жана камсыздандыруу. Негизги бөлүгүн мамлекет кепилдеген сумма түзөт. Эгерде эмгек стажы талаптарга жооп бербесе, пенсиянын базалык бөлүгү иштеп жаткан эмгек стажына пропорционалдуу эсептелинет. Базалык пенсиянын өлчөмү эмгек стажына көбөйтүлүп, зарыл болгон стажына бөлүнөт.

2022-жылдын 1-октябрынан баштап базалык бөлүк 3170 сом деп белгиленген. 2024-жылдын 1-июлунан тартып бул сумма бардык пенсионерлер үчүн теңдештирилип, бардыгына 1000 сомдон кошулду.

Алиев Кыргызстанда эң аз пенсия 6900 сомду түзсө, эң жогорку пенсия 50 миң сомду түзөөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 183