2024-жылдын июль айына карата Кыргызстанда 21 коммерциялык банк калды. Былтыркыга салыштырмалуу экиге азайды.
2024-жылдын июнь айында «Аманбанк» ААК «Аман Кредит» микрофинансылык компаниясы катары кайра каттоодон өттү жана Пакистандын Улуттук банкынын филиалы 2021-жылы башталган өзүн-өзү жоюу процессин аяктады. Бул эки банктын жалпы уставдык капиталы 1,4 миллиард сомду түзгөн.
Бирок, банк секторунун жалпы капиталы дагы он банктын активдеринин көбөйүшүнүн эсебинен өсүүнү улантып, 68 миллиард сомго жеткен.