• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жер титиреди

26 Бирдин айы 2024 10:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында — Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 07:28де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 2251