• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кыргызстанда фейктердин таралышын көрсөткөн интерактивдүү карта ишке кирди

16 Бештин айы 202410:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «Текшердим!» маалымат кампаниясынын алкагында интерактивдүү карта ишке киргизилди.

«Текшердим!» маалымат кампаниясынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири www.mediamap.kg сайты саналат. Бул интерактивдүү карта ар бир жаран үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жеңилдетип, жалган маалыматтарга каршы күрөштү кызыктуу жана ачык-айкын кылат. Картанын негизги
милдети – Кыргызстандын аймагындагы фейктердин таралышын реалдуу
убакыт режиминде чагылдыруу.

Картада колдонуучулар эмне кыла алышат?

● Фейктер кайсы жерде жана кандай жолдор менен тараганын көрүү.
● Өздөрү таап чыккан жалган маалыматтарды картага кошуу аркылуу
долбоорго активдүү катышуу.

● Жалган маалыматтарды аныктоого жана алар менен күрөшүүгө жардам
берген практикалык мисалдар менен таанышуу.

«Текшердим!» кампаниясы ар кандай интерактивдүү ыкмаларды жана билим берүү иш-чараларын камтыйт, анын ичинде:
● Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган видеолор жана
маалыматтык китепчелер;
● «Медиа Элек» подкасты, ал аркылуу эксперттер жана жарандар жалган
маалыматтар менен күрөшүү жолдору тууралуу ой бөлүшөт;
● Жаштар жана чоңдор үчүн кызыктуу форматтагы комикстер;
● Аймактардагы калкты тартуу үчүн квиз оюндары жана соц. тармактагы
викториналар;
● Студенттер жана социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар
үчүн мастер-класстар.

«Интерактивдүү карта журналисттер, активисттер жана чынчыл, ачык-айкын
маалыматка кызыккан жарандар үчүн ишенимдүү ресурс болуп берет. Ал тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүп, маалыматтык коркунучтарга каршы күрөшүүдө демилгелерди бириктирүүгө жардам берет”, – деп белгилейт Жамааттык Медиалардын Бирлигинин жетекчиси Назира
Жусупова.

«Mediamap.kg – бул интернеттеги олуттуу көйгөйлөргө жооп берген өзгөчө платформа. Анын максаты – жөн гана укук бузууларды каттоо эмес, колдонуучуларга аларды кантип аныктоону жана каршы турууну үйрөтүү.

Кантип катышуу керек? Жарандар картадагы маалыматты көрүп эле тим болбостон, өздөрү жалган маалыматтарды аныктап, картага арыз жөнөтө алышат. Картанын администраторлору жөнөтүлгөн маалыматты текшерип, ишенимдүү жана актуалдуу болушун камсыздайт.

Количество просмотров: 122