• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандады

30 Үчтүн айы 202311:32 Бишкек Govori.TV

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3-4 сомго арзандады. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

«2023-жылдын башынан тартып бензиндин баасы арзандады. Бул сезондук көрүнүш. Орусиядагы заводдор декабрь — январь айларында күйүүчү майдын дүң баасын арзандатты. Бул көрүнүш февраль айына чейин созулат»,-деди ал.

Мындан тышкары, өлкөдө күйүүчү майдын жетиштүү запасы бар экени кошумчаланды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.

Количество просмотров: 365