• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандады

17 Үчтүн айы 2020 17:05 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата көмүргө болгон чекене баа орто эсеп менен 51,13 сомго же 1,1%га арзандаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эң жогорку баалар Ноокат шаарында тоннасына — 7 миң 611,43 сом, Баткен — 7 миң 140,04 сом, Кара-Суу — 6 миң 245 сом жана Исфана шаарында — 6 миң 245 сомду түзгөн.

Ал эми төмөнкү баалар Балыкчы шаарында (3 миң 94,59 сом) Нарын шаарында (3 миң 500) жана Чаек районунда (2 миң 500) байкалган.

Көмүргө болгон баа эң көп Өзгөн шаарында жогорулаган. Көмүрдүн баасы 402,69 сомго же 8,1% жогорулаган. Ноокат — 181,69 сомго же 2,4% жана Токмок шаарында 184,73 сомго же 4,9% өскөн. Ал эми Баткен шаарында көмүрдүн баасы 667,89 сомго же 8,6%га, Токтогулда187,51 сомго же 3,9%га төмөндөгөн.

Количество просмотров: 257