• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстанда кайсы жолдор акы төлөнүүчү болот? Транспорт министрлигинин жообу

22 Чын куран 2022 13:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Чүй облусундагы айланма жолу акы төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, айланма жол реконструкцияланат.

«105 чакырым жолдо реконструкция иштери жүрөт. Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. «Дордой» базарынын айланасында тыгын көп экенин билесиздер, ошол жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Калган бөлүктөрү төрт тилкелүү болот. Айланма жол убагында октук басымда 10 тоннага ылайыкталып жасалган, азыр аны 11,5 тоннага ылайыкташтырабыз. Азыр инвестор издеп жатабыз» — деди ал.

Нурланбек Кайынбаев белгилегендей, Өзгөн шаарынын айланып өтүүчү жолу да акы төлөнөт.

Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар жолу да акы төлөнөрүн билдирген.

Количество просмотров: 492