Чектөөлөрдү киргизүү оңой маселе эмес, ал үчүн бизге жүйөлүү себептер жана негиздер керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 20-апрелде өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, карантиндин узартылышы эпидемиологиялык абалга жараша болот.
«Кандай болгон күндө да Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны жогорку көрсөткүчкө жеткенде гана бул боюнча айтса болот. Бирок азыр карантинди узартуу жөнүндө айтууга эрте», — деп билдирди министрдин орун басары.