• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө

5 Бугу 20249:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 31 жыл толду. 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон кийин, 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган.

Баш мыйзам 31 жылда бир нече ирет өзгөрүүгө дуушар болду. Ѳлкөнүн башкы мыйзамы 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы 2006-жылы, соңкусу 2021-жылы өзгөртүлгөн. Референдумга жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун каалашкан.

Конституцияга президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майда кол койгон.

Кошумчалай кетсек, 5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Количество просмотров: 908