• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өзбекстан Конституциясынын жаңы долбоорунда президенттик мөөнөт 7 жылга чейин узартылды

16 Жалган куран 2023 14:27 Бишкек Govori.TV

15-мартта Өзбекстандын өкмөттүк басылмалары Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун жарыялашты. Буга чейин бул документти өлкө парламенти жактырган.

Долбоорго ылайык, Конституциянын беренелери 128ден 155ке чейин көбөйөт.

Баш мыйзамдын 106-беренесинде президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга көбөйтүү каралган. Ошол эле маалда бир адам катары менен эки же андан ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албайт деген эреже сакталып калды.

Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, азыркы президенттин буга чейинки эки мөөнөтү жокко чыгарылып, үчүнчү мөөнөткө мамлекет башчы болууга ат салышууга жол ачылат.

Конституциянын Каракалпакстанга тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. Жумуряттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршылар Нукус шаарында демонстрация өткөрүшкөн.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылган. Өзбек бийлиги 21 адам каза таап, 243 киши жараат алганын жана 500дөн ашуун адам кармалганын билдирген.

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 30-апрелге белгиленген.

Количество просмотров: 60