• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 284 адам дарыланууда

25 Аяк оона 2020 10:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 284 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 643 бейтап, үй шартында 1 миң 641 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 175 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 932ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 147 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Количество просмотров: 47