Кыргызстанда коронавирустан айыккан дагы 7 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды: Ош шаарында 2 бейтап, Бишкек шаарында 5 бейтап. Алардан кайра алынган анализдери оору жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.