• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны өстү (Статистика)

28 Теке 2021 18:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кылмыштардын олуттуу өсүшү катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-жылдын январь-июнуна салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар (дээрлик 30% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары — 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23%га) көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40%га жакыны — баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта кылмыш жасаган 13 миңден ашык адам аныкталды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6%га көп. Алардын жалпы санынын 17%га жакыны — аялдар, 5%га жакыны — жашы жете электер түздү, жана кылмыш жасаган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.

Количество просмотров: 207