• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок

23 Бугу 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 23-майга карата маймыл чечеги илдети дүйнөнүн Франция, Испания, Бельгия, Италия, Швеция, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрүндө катталган. Ал эми Борбор Азияда аталган оору катталган эмес.

Өзүңүзгө кам көрүү жана оорунун коркунучун азайтуу үчүн ДСУнун сунуштарын аткарыңыз:

  • оорулуу приматтар менен байланышуудан алыс болуңуз;
  • жапайы жаныбарлардын этин жегенден алыс болуңуз;
  • колду дайыма дезинфекциялоо;
  • жеке гигиенаны сактоо;
  • жыныстык катнаш учурунда өзүңүздү коргоңуз;
  • чоочундар же саякатчылар менен тыгыз байланышта болбогула.
Количество просмотров: 251