• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда майнинг салыгы үч салыктын ордуна төлөнөт

16 Тогуздун айы 2020 15:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 1-августундагы Мыйзамына ылайык майнинг чөйрөсүндө ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн атайын салык режими киргизилүүдө.

Майнинг – үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылууну талап кылган, пайдалануучулардын ортосунда жасалган операциялар жөнүндө маалыматты бөлүнгөн реестрге (мурдатан аныкталган эрежелерге жана принциптерге ылайык) киргизүү аркылуу транзакциялардын блокторунун реестринин (блокчейнинин) иштөөсүн камсыз кылуучу эсептөө операцияларын программалык-техникалык каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашыруу боюнча иш болуп эсептелет. 

Майнинг бөлүнгөн реестрде операциялардын жасалышын ырастоо үчүн сыйакы катары майнингди жүзөгө ашырган жактын ээлигине келип түшкөн виртуалдык активди түзүү менен коштолуусу мүмкүн.

Уюмдар жана жеке ишкерлер ушул ишти жүзөгө ашырууда пайдага салыктын, салык салынуучу беримдерге КНСтин жана сатуу салыктын ордуна майнинг салыгын төлөөгө милдеттүү.

Майнинг өндүрүшүндө салык салуу базасы болуп КНСти жана сатуу салыгын кошо алганда, майнингден керектелген электр энергиясы үчүн чегерилген суммалар саналат. Салыктын ставкасы 15 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Количество просмотров: 95