• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталган

6 Үчтүн айы 202512:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 40-52-жумаларында республикада оор респиратордук инфекциялар боюнча 1 144 анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен эки адам метапневмовирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Мындан тышкары, 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.

Метапневмовирус Кытайда жайылып, абдан кооптуу вирус экени кабарланууда. Ал негизинен балдарга жана карыларга кооптуу. Инфекцияны алдын алуу үчүн жеке гигиена менен аралыкты сактоо сунушталат.

Алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

  • коомдук жайларда жүргөндөн кийин колуңузду жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз;
  • сасык тумоонун белгилери бар адам менен байланышта болбоого аракет кылуу;
  • кир кол менен бетти кармабоо;
  • чүчкүрүп, жөтөлүүдө салфетка менен оозду жана мурунду жабуу;
  • беткап тагынып, адамдар арасында аралыкты сактоо.
Количество просмотров: 441