Кыргызстанда онлайн форматта окута турган автомектептерди түзүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфир учурунда билдирди.
Анын айтымында, окутуунун жаңы форматы сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
«Эгер жарандар окууга келе албаса, же мисалы, балдары бар аялдар декретте болсо, алар онлайн окуй алышат. Биз бардык шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө бул, тескерисинче, абдан актуалдуу – бардык чоң университеттер онлайн-окутууга өтүп жатышат жана анын натыйжасы андан да чоң. Муну биз практика жүзүндө дагы көрүп жатабыз», — дейт Раимбеков.