• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда ооруканада жаткан казактарды мекенине алып кетишти

10 Бирдин айы 2020 11:57 Бишкек Govori.TV

Казакстан Масанчи айылында чыккан чырдан жабыркаган, учурда Кыргызстанда ооруканада дарыланып жаткан жарандарын алып кетти. Белгилей кетсек Казакстандын жаңжал чыккан айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин орун басары келип, бейтаптардын абалы менен таанышкан. Алардын мындан аркы дарылануусу Казакстанда өтмөкчү.

Ал эми чек ара кызматынын маалыматына ылайык, миңден ашык казак жарандары Казакстанга жекшембиде кайрадан чыгып кете башташкан.

«2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй кайткан жарандар байкалууда», — деп айтылат маалыматта.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлгөн.

Количество просмотров: 78