Кыргызстанда быйыл январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6% көбөйдү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 9-августта брифингде айтты.
2024-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүм (ИДӨ) 677 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,7% көп. Быйыл январь-май айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 млрд сомду түздү.