Кыргызстанда орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү жылына орточо 0,8% түзүүдө. Ал 2029-жылга карата 48 765,7 сомду түзөт деп болжолдонууда.
Финансы министрлигинин мындай божомолуна ылайык, калктын акчалай кирешесинин реалдуу өсүшү жылына орточо 0,4% болот деп айтылат. Ошондо 2029-жылы ал 1034,2 млрд. сомду түзөт.
Келечекте жакырчылыктын деңгээли жылына орточо 0,7 пайызга төмөндөйт жана 2029-жылы 24,5%ды түзөт.