• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кыргызстанда Орусиянын «Мир» карталарын тейлөө токтотулат

3 Чын куран 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-апрелден тарта Орусиянын «Мир» карталарын тейлөө токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Банктар аралык процессинг борбору кабарлады.

Мындай чечимдин кабыл алынышына АКШнын Каржы министрлигинин Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциясы себеп болгон.

Чечимге ылайык, Кыргызстандын аймагындагы банкоматтар «Мир» карталарын кабыл алууну токтотуп, колдонуучулар алар аркылуу офлайн-дүкөндөрдө жана интернетте төлөм жүргүзө албай калышат. Ошондой эле өлкөнүн төлөм системасынын ичинде картадан картага акча которуу мүмкүндүгү да токтойт.

АКШ «Мир» карталарынын оператору эсептелген Орусиянын «Улуттук төлөм карталар системасы» ишканасына гана санкция салган. Бирок өткөн жылдын соңунда АКШнын президенти Жо Байден Орусияга салынган санкцияларды бузган бардык уюмдарга каршы чектөөлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берген жарлыкка кол койгон.

Буга чейин «Мир» карталарын тейлөөнү Армениянын дээрлик бардык банктары, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Вьетнамдын жана Түркиянын банктарынын бир бөлүгү, ошондой эле Samsung Pay жана Apple Pay системалары токтоткон.

Орусиянын Борбордук банкынын төрага орун басары Ольга Скоробогатова мекеме «Мир» карталарына байланышкан чет өлкөлөрдөгү бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издеп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 49