• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрү өтөт

28 Бирдин айы 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев менен болгон жолугушууда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Султан Раев түрк тилдүү мамлекеттердин орток маданиятын даңазалаган эл аралык уюмдун негизги максаты түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий баалуулуктарын сактоого жана өнүктүрүүгө багыт алганын белгилөө менен, ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө уюмдун 30 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтө турганын белгилеп, министр Алтынбек Максутовго иш-чаралар планы долбоору менен тааныштырды.

Өз кезегинде Алтынбек Максутов мындай эл аралык маанидеги түрк дүйнөсүнүн маданиятын даңазалаган иш-чараларды колдоого ала тургандыгын , ошондой эле аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча даярдыктарды көрөөрүн маалымдады.

Маалыматтар боюнча ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрүн уюмга мүчө өлкөлөрдө жана анын чегинен сырткаркы мамлекеттерде да өтө турганы айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иш-чаралар планынын алкагында маданияттын бардык тармактарын камтыган эл аралык программа даярдалмакчы.

Жолугушууда ТҮРКСОЙ уюму түзүлгөндөн бери түрк элдеринин ортосундагы бир туугандык жана тилектештик байланыштарын чыңдоо, жалпы түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүп берүү жана аны менен дүйнө жүзүн тааныштыруу максатында иштеп келе жаткандыгы айтылып аны татыктуу деңгээлде өткөрүп алуу макулдашылды.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия Республикасынын маданият министрлеринин макулдашуусунун натыйжасында түзүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 57