Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Тагаев 2023-жылдын 6-февралынан бери маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеп келген. Анын бул кызматтан кеткени бүгүн кабарланды.