• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТҮРКСОЙ Токиодо Чыңгыз Айтматовду эскерди

19 Жетинин айы 201813:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV.
Жапониянын баш калаасы Токио шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына концерт өттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, маданий иш-чараны Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин демилгеси менен Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) уюштурду.
Концертке уюмдун бир канча мамлекеттеринен өкүлдөр катышты. Концертте Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия мамлекеттеринин, ошондой эле Орусиянын Башкыртстан, Тыва, Хакасия, Гагаузия жана Саха республикаларынын артисттери өнөр тартуулашты.
ТҮРКСОЙ 2018-жылды «Айтматов жылы» деп жарыялаган.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы төрөлүп, 2008-жылы көз жумган. Жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүүдө.
Количество просмотров: 58