• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстанда тоютту экспорттоого тыюу салынды

5 Аяк оона 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Аталган чечимдин реэкспортко, транзитке, ошондой эле КР министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдарына тиешеси жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеси: тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту), арпа, күрүч, сулуу.

Количество просмотров: 70