Улуу Британиянын Виза борборунун оператору «TLS Contact» компаниясынан «VFS Global» компаниясына алмашуусуна байланыштуу, 2024-жылдын 5-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Улуу Британияга баруу максатында визалык өтүнмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Виза борбору кошумча маалымат берилгенге чейин дүйшөмбү-жума күндөрү 09:00дан 17:00гө чейин ишин алып барат.