• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргызстанда WhatsApp иштебей калды

25 Тогуздун айы 202214:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда WhatsApp тиркемеси иштебей калды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазды.

Алар билдирүү жөнөтө албай калгандыктарын, сүрөт, видео жүктөп, текст жазганда маселе жаралганын айтып жатышат.

Эске салсак, кечээ өлкөдө интернет үзгүлтүккө учураган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет”, — деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 2631