• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү 40 пайызга кыскарды

24 Жалган куран 2022 7:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү салыштырмалуу кыскарды.
Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин саламаттык сактоо программасынын координатору Айнура Текенова билдирди.

Анын айтымында, балдардын жашап кетиши биринчи кезекте эненин ден соолугунан көз каранды. Андан сырткары медициналык жардам менен ооруканадагы шарттар таасир этет.

«БУУнун балдарды коргоо фонду ЮНИСЕФ балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурат. 2018-жылга чейин төрөт үйлөрүндө жигердүү иш алып бардык. Кыргызстанда балдардын өлүмү акыркы жылдары азайды десек болот. Республиканын айрым облустарында дарыгерлерди окутуу, ооруканаларды оңдоо, жабдуу, энелерге маалымат берүү менен аны 40 пайызга азайтууга мүмкүн болду. Эсиңиздерде болсо «1000 жылдыктын максаттарында» Кыргызстан ымыркайлардын өлүмүн үчтөн бирге кыскартууга милдеттенме алган. Ошондой эле Кыргызстан милдетти аткара алган өлкөлөрдүн катарына кире алды»,-деди ал.

Количество просмотров: 112